Кыргызстанда Кытайдан Өзбекстанга транзит менен ташылып келаткан 7,2 миң гүл көчөтү жок кылынды
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 август

Кыргызстанда Кытайдан Өзбекстанга транзит менен ташылып келаткан 7,2 миң гүл көчөтү жок кылынды

«Кең-Сай» карантиндик фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунда Кытайдын Өзбекстанга транзит менен ташылып келе жаткан 24 түрдөгү 7 250 даана гүл көчөтүнө фитосанитардык текшерүү жүргүзүлдү.

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү фитосанитардык документтердин толук эмес экендиги аныкталды. Ушуга байланыштуу жүктү Өзбекстандын аймагына киргизүүгө мүмкүн болгон эмес.

Жүктү жөнөтүүчү өлкөгө кайра кайтарууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, мыйзам талаптарына ылайык, Жалал-Абад бажы жана чек ара кызматтары менен биргеликте жүк утилизацияланды.

Мындай көзөмөл иштери карантиндик зыяндуу организмдердин өлкө аймагына киришине жана таралышына жол бербөөгө багытталган.