Бишкектин айрым аймактарында 12-августта таза суу жок болот
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 август

Бишкектин айрым аймактарында 12-августта таза суу жок болот

Бишкектин айрым аймактарында 12-августта саат 09:00дөн  саат 17:00гө чейин таза суу жок болот. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Өчүрүү аймагы: 10-кичи райондун бир бөлүгү.

Суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичи райондогу откананын суу түтүгүндө оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы жашоочуларды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.