Бүгүндөн тарта Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды
Бишкекте бүгүн, 13-октябрдан тарта Ауэзов көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен У.Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгү реабилитациялоо үчүн убактылуу жабылды.
Мэриядан кабарлашкандай, оңдоо иштеринин алкагында асфальт төшөлүп, тротуарлар калыбына келтирилет.
Мэрия убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүн болушунча коомдук транспортту пайдаланууну өтүнөт.
