Баткенде тоноочулукка шектелип төрт жигит кармалды
8 сентябрь

Баткенде тоноочулукка шектелип төрт жигит кармалды

Баткен ШИИБге Баткен районунун эки тургуну "Бизди белгисиз балдар уруп, акчабызды, баш кийимибизди жана кол саатыбызды алып койду" деп арыз менен кайрылышкан. Арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Баткен ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында төмөнкү шектүүлөр кармалды:

  • Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 18 жаштагы тургундары А.С.А. жана К.Б.И.,
  • 21 жаштагы тургуну Э.Б.М.,
  • Ош облусунун Чоң-Алай районунун 21 жаштагы тургуну А.С.Т.

Шектүүлөр Баткен райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары улантылууда.