Кызыл-Кыя ЖЭБнин кышка карата даярдыгы текшерилди
Кызыл-Кыя шаарындагы жылуулук электр борборунун ЖЭБ) кышкы жылытуу мезгилине карата даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев борбордун абалы жана даярдык иштери менен жеринде таанышты.
Учурда Кызыл-Кыя ЖЭБине 2 миңге жакын абонент туташкан. Бир жылытуу сезону үчүн орточо эсеп менен 7 миң тонна көмүр талап кылынат.
Учурда октябрга карата 1000 тоннадан ашуун көмүр жеткирилип, калганы этап-этабы менен ташылып жатат.
ЖЭБ жетекчилигинин маалыматына ылайык, кышка даярдык боюнча оңдоо жана профилактикалык иштердин басымдуу бөлүгү бүткөрүлүп, жабдуулар толук кандуу ишке киргизүүгө даярдалууда.
Бул чаралардын негизги максаты – Кызыл-Кыя шаарынын жана аймактагы калктын кышкы мезгилде үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу болуп саналат.
