Молдова КМШдан 2027-жылдын апрелинде расмий түрдө чыгат
16 апрель

Молдова КМШдан 2027-жылдын апрелинде расмий түрдө чыгат

Молдова Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен (КМШ) чыгуу жол-жобосун 2027-жылдын 8-апрелинде аяктайт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Михай Попшой өкмөттүн жыйынынан кийин билдирди.

Анын айтымында, КМШнын уставдык документтерин денонсациялоо чечими буга чейин кабыл алынып, тиешелүү билдирүү уюмдун Минск шаарындагы Аткаруу комитетине жөнөтүлгөн. Белгиленген тартипке ылайык, мамлекеттин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин курамынан чыгышы расмий билдирүүдөн кийин 12 ай өткөн соң күчүнө кирет.

«Юридикалык жана формалдуу жактан, эл аралык укуктун негизинде, билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин 12 ай өткөн соң биз КМШнын курамында болбойбуз», – деди тышкы иштер министри.

Попшой кошумчалагандай, Кишинёв буга чейин эле узак убакыттан бери КМШнын иш-чараларына катышпай келет, анткени алар өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына туура келбейт деп эсептелет.

Буга чейин Молдованын парламенти Шериктештиктен чыгуу жана бир катар негизги келишимдерди денонсациялоо чечимин биротоло жактырган. Демилге Тышкы иштер министрлиги тарабынан көтөрүлүп, анда КМШнын айрым катышуучулары уюмдун негизги принциптерин сактабай жатканы белгиленген.

Айрыкча, Кишинёв өз ара аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттик чек аралардын кол тийбестигин урматтоо принциптери Украинага, Грузияга жана Молдовага карата бузулуп жатат деген позицияны карманат.

Бийликтин маалыматына ылайык, Молдова КМШнын алкагында түзүлгөн 283 келишимдин 71ин денонсациялады, дагы 60ка жакыны кароодо турат. Ошондой эле 2024-жылдан тартып өлкө Шериктештиктин уюмдарына мүчөлүк төлөмдөрдү төлөөнү токтоткон.

Өз кезегинде оппозициялык партиялар КМШдан чыгуу өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин билдиришүүдө.