Кыргызстанда бир жумада 26 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды
8 сентябрь

Кыргызстанда бир жумада 26 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда 1-сентябрдан 7-сентябрга чейинки аралыкта 25 миң 788 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 1504;
  • мас абалында унаа башкаруу – 295;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 182;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1755;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4298;
  • автоээнбаштык – 36;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3559;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 14 633;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 774 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.