ӨКМ эскертет! Нөшөрлүү жаандан улам кооптуу табигый процесстери активдешүүсү мүмкүн
11 ноябрь

ӨКМ эскертет! Нөшөрлүү жаандан улам кооптуу табигый процесстери активдешүүсү мүмкүн

2024 жылдын 13-14-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, КР ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдарына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, жана Панфилов райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу жана Тоң райондорунда, Нарын облусунун Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондорунда, Талас облусунун Манас жана Талас райондорунда, Жалал-Абад облусунун Чаткал, Аксы, Ноокен, Токтогул, Базар-Коргон, Сузак жана Тогуз-Торо райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Чоң-Алай жана Алай райондорунда, ошондой эле Бишкек, Ош шаарларынын аймактарында кооптуу табигый процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Республиканын унаа жолдорунун участкаларында, айрыкча:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 9, 86-87, 90-94, 96-107, 110-114, 197-199, 203-209 221-251, 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426, 614-632, 647-658 чакырымдарында;
  • Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138 чакырымдарында;
  • Кербен-Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 2-5, 12-13, 22-24 чакырымдарында;
  • Бишкек-Торугарт унаа жолунун 111-117, 119-122, 121-125 чакырымдарында;
  • Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 23-29, 39, 43-49, 59-65, 68-74, 78-80, 121-124, 133 чакырымдарында;
  • Мырза-Аке-Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымындарында;
  • Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 174 чакырымындарында, кооптуу болгон табигый процесстердин сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

ӨКМ республика жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат.

Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ органдарына кайрылуу керек.