АКШда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына маалыматтык билдирүү
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына АКШ тарабынан коммерциялык айдоочулук күбөлүктөрдү (CDL) берүү жана узартуу тартибин жөнгө салган жаңы эрежелер киргизилгендигин маалымдайт.
АКШнын Транспорт министрлигинин (DOT) жана Автотранспорттун коопсуздугу боюнча федералдык администрациясынын (FMCSA) расмий маалыматына ылайык, 2025-жылдын 26-сентябрынан тартып коммерциялык айдоочулук күбөлүктөрдү (CDL) алуу жана узартуу укугуна төмөнкүлөр ээ:
- жашыл карта ээлери (мыйзамдуу туруктуу жашоочулар)
- H-2A, H-2B, E-2 жумушчу визалары бар чет өлкөлүк жарандар
Жумушка орношууга уруксат документи (EAD) жана социалдык камсыздандыруу номери (SSN) болгонуна карабастан, тиешелүү иммиграциялык статусу жок жарандар мындан ары коммерциялык айдоочулук күбөлүктү (CDL) алууга же узартууга укугу жок экенине көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги CDL талап кылган транспорт каражаттарын башкаруу менен алектенген Кыргыз Республикасынын жарандарына аталган күбөлүктү алуу же узартууда мүмкүн болуучу кыйынчылыктардан сактанууга документтеринин толуктугуна алдын ала текшерүүнү сунуштайт.
