Жогорку Кеңеш жайкы каникулдан кийин ишин баштады
2 сентябрь

Жогорку Кеңеш жайкы каникулдан кийин ишин баштады

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясынын расмий ачылышы болуп өттү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин сессиясын ачык деп жарыялап, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жаңырды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.