Аксы РИИБдин кызматкерлери мыйзамсыз тамеки аткезчилигинин бетин ачышты
Аксы районунда мыйзамсыз аткезчилик фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин алкагында акциздик маркасы жок ири көлөмдөгү «Милано» аталышындагы тамеки заттары аныкталды.
Аксы РИИБдин кызматкерлери жүргүзгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө район тургунунун мал сарайынан 33 таңгак тамеки табылып алынган. Ошондой эле мамлекеттик чек ара тилкесинде 50 таңгак тамекини мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылып жаткан жаран кармалып, жүктү өз ыктыяры менен өткөрүп берген.
Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын натыйжасында кылмыштын адамдардын тобу тарабынан жасалгандыгы аныкталып, кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык кайра квалификацияланган.
2026-жылдын 30-май күнү үч жаран шектүү катары кармалып, Аксы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.
