Президент: Жабык турган Европа асманы Кыргызстан үчүн кайрадан ачыларына ишенебиз
8 сентябрь

Президент: Жабык турган Европа асманы Кыргызстан үчүн кайрадан ачыларына ишенебиз

Кыргызстан авиация жаатында эл аралык деңгээлде да ишенимдүү кадамдарды таштап жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Нарын" аэропортунун ачылышында билдирди. 

Анын айтымына караганда, Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу боюнча акыркы этапка келдик.

"Алдыда, 7-октябрда биздин Жарандык авиация агенттигинин делегациясы Брюсселде Еврокомиссия менен маанилүү жолугушуу өткөрөт. Андан кийин акыркы аудит 2025-жылдын декабрында болот.

Ошентип 2006-жылдан бери жабык турган Европа асманы Кыргызстан үчүн кайрадан ачыларына биз бекем ишенебиз. Биздин аэропортторубуз Европа өлкөлөрүнө 20 жыл бою жабык туруп, эми Кудай буюрса, мына кайрадан ачылат. Бул өлкөбүз Европа өлкөлөрүнүн миллиондогон туристтери үчүн жеткиликтүү болот дегенди билдирет. Буюрса, Кыргызстан таза табиятты, көөнө маданиятты жана жаңы багыттарды жогору баалаган ири рынокко чыгат", - деди ал.