Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын президентине ишеним грамотасын тапшырды
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов 6-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Саламдашуу сөзүндө Шавкат Мирзиёев элчини Өзбекстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ошондой эле, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин, соода-экономикалык жана маданий тармактарда биргелешкен долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышын, транспорт жана инфраструктура жаатындагы маанилүү мамлекеттер аралык демилгелерин баса белгиледи.
Өкмөттөр аралык жана Парламенттер аралык комиссиялардын, Региондор аралык форумдун жана Ишкерлер кеңешинин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун мындан ары камсыз кылуунун маанилүүлүгүн билдирди.
Өз кезегинде, элчи каалоо-тилектер үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын жолдоду. Кыргызстан Өзбекстан менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгилеп, практикалык жыйынтыктарга жетүү үчүн президенттин командасы менен активдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Тапшыруу аземинин соңунда президент Ш. Мирзиёев достук мамилелерди тереңдетүүгө жана көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган дипломатиялык кызматындагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди кааларын айтып өттү.
