Өзгөндө 29 жаштагы келин үйүндө асынып алган. Тергөө иштери башталды
Өзгөн районунун тургуну 29 жаштагы тургуну өз үйүндө асынып каза болгон. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Окуя 12-апрелде болгон. Милицияга ошол эле күнү саат 19:00дө билдирүү түшкөн.
Аталган факт маалыматтык электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
"Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн районунун 1997-жылы туулган А. к.А., аттуу жаран өзү жашаган үйүндө асынып каза болгондугу маалым болгон. Окуя боюнча күбөлөр суралып, жансыз денеге сырттан кароо жүргузүлгөн", – деп айтылат маалыматта.
Маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык дайындалган.
Топтолгон материалдын жана дайындалган экспертизанын корутундусунун негизинде мыйзамдуу чечим кабыл алынат.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.
