Алимент төлөбөгөн ата-энени камакка алуу кандай жыйынтык берет? Нурсултан Сагынбаев түшүндүрдү
Кыргызстанда алимент төлөөнү кечиктирген ата-энелерге карата мыйзамды катаалдаштыруу сунушталууда. Учурда тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна коюлган.
Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучулардын иш аракетин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Сагынбаев белгилегендей, мыйзам долбоорунда бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.
“Учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча 3 айдан 12 айга чейин алимент төлөбөгө ата-энелерге сот тарабынан 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айыппул салынат же коомдук ишке тартылат же пробациялык негизде жоопкерчилик каралат. Ал эми сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда бул чаралардын баары алынып салынды. Анын ордуна 3 айдан 12 айга чейин алимент төлөбөгөн ата-энелерди Укук бузуулар кодексинин негизинде камакка алуу чарасы бекитилди. Мөөнөт – 1 жылдан 3 жылга чейин”, – деди Сагынбаев.
Айтымында, камакка алуу чарасы иштебеген ата-энелерди иш табууга жана эмгектенүүгө аргасыз кылат. Алимент төлөөнү кечиктирген же баш тарткан ата-энелердин көбүнчө шылтоосу – жумушсуз экени.
“Андай учурда Үй-бүлө кодексин карайбыз, анын 85-беренесинди карызкордун туруктуу иши жок болсо, жашаган жерине карай орточо айлык белгиленет. Мисалы, Чаткал районун алсак, ал жакта орточо айлык 30 миң болсо, ушул сумма негиз болуп берет. Андан ары кодексте көрсөтүлгөндөй, бир балага айлык акынын 4/1 бөлүгү, 2 балага 3/1 бөлүгү, ал эми 3төн көп балага 3/2 бөлүгү кетиши керек, ошол боюнча сот аткаруучулар эсептеп чыгышат. Жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин жумушсуз ата-эне камалып кеткенден көрө деп жумуш таап, иштеп, алимент төлөөгө умтулуп баштайт деген үмүттөбүз”, – деп белгиледи ал.
