Бишкектеги Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылды
www
16 апрель

Бишкектеги Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылды

Бишкектеги Жибек Жолу проспектиси Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабылды.

Мэриядан кабарлашкандай, бул жерде диаметри 600 мм болгон канализация коллекторун орнотуу үчүн курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.

"Бишкексууканалы" муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан келтирилген ыңгайсыздыктарды  түшүнүү менен кабыл алып, каттамды алдын ала пландаштырууну суранат.