Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди
Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 16:30дан тартып убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Башкы максат кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо.
ӨКМ жарандарга зарылдыгы болбосо алыскы жолго чыгууну башка күндөргө жылдырып турууну сунуштады.
Кырсык катталган учурда 112 кызматына чалуу керек.
