Жолдор, көпүрөлөр жана унаа токтотуучу жайлар: борбор калаада транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда
Бишкек шаарында шаар мэри Айбек Джунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгында коллегиянын жыйыны өттү.
Жыйынга укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, төрт административдик райондун башчылары, муниципалдык ишканалардын жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.
«Бишкек шаарынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттери жөнүндө» мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев баяндама жасады.
Акыркы жылдары жол-транспорт тармагында олуттуу өзгөрүүлөр болду. 2021-жылга салыштырмалуу жолдорду куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү 5 эсеге өстү.
Быйыл Бишкек шаарында 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо, ошондой эле 28,1 чакырым тротуарды куруу пландалууда.
Учурда 136 участокто унаа жолдорун жана тротуарларды куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 68 участокто иштер толугу менен аяктады. Анын ичинде 49,9 чакырым унаа жолу курулуп, реконструкцияланып, 9 чакырым тротуар пайдаланууга берилди.
Ошондой эле жүргүнчүлөр жана жөө адамдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бүгүнкү күнгө чейин 3 жер үстүндөгү жана 4 жер алдындагы жөө адамдар өтмөгү курулуп, пайдаланууга берилди.
Учурда дагы бир жер алдындагы жөө адамдар өтмөгүндө курулуш иштери уланууда. Мындан тышкары, дагы 6 жер алдындагы өтмөктү куруу үчүн жер тилкелери аныкталды. Зарыл болгон даярдык иш-чаралары аяктагандан кийин курулуш иштерин баштоо пландалууда.
Бишкектеги транспорттук тыгындарды азайтуу максатында Чыгыш айланма жолунун курулушу улантылууда. Ошол эле учурда Батыш айланма жолунун долбоору иштелип жатат.
Шабдан Баатыр көчөсү (мурдагы Лев Толстой көчөсү) менен Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) кесилишинде жаңы жол-транспорттук түйүнүнүн курулушу жүрүүдө.
Мындан тышкары, Бишкекте унаа токтотуучу жайларды санариптештирүү боюнча иштер улантылууда. Учурда QR-код аркылуу төлөө системасы киргизилип, 1 172 маалыматтык такта орнотулду. Дагы 2 миң QR-такта орнотуу пландалууда.
Ошондой эле унаа токтотуучу жайлардын санын көбөйтүү максатында «Орто-Сай» базарынын аймагында 245 унаага ылайыкталган жаңы унаа токтотуучу жай пайдаланууга берилди.
