Ош – Алай унаа жолунда селден төрт адам каза болду  
видеодон алынган кадр
24 июнь

Ош – Алай унаа жолунда селден төрт адам каза болду  

Бүгүн, 24-июнда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ош–Алай унаа жолунун 58-чакырымында жеңил автоунаа сайга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМден кабарлашкандай, жерине ыкчам топ чыгып кеткен.

Тартылган ыкчам топтун алдын ала маалыматына ылайык, кырсыкка кабылган автоунаада жалпы алты адам болгон. Анын ичинен үч жаран окуя болгон жерде каза болуп, бирөө ооруканага бараткан жолдо каза болгон. Ал эми эки жаран ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Учурда каза болгон жана жабыркаган жарандардын өздүшү такталып, тиешелүү кызматтар тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.