Кыргызстанда алты айда 33 өзгөчө кырдаал катталган
www
18 июль

Кыргызстанда алты айда 33 өзгөчө кырдаал катталган

Кыргызытснда быйылкы жылдын 6 айы өткөн жылга салыштырмалуу оор болду. Мындай пикирин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары  Алмазбек Асанов министрликтин 2026-жылдын I жарым жылдыкта аткарган иштеринин жыйынтыгы жана II жарым жылдыкта аткара турган негизги милдеттери боюнча коллегиясында билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 6 айында өлкөдө 33 өзгөчө кырдаал катталса, өткөн жылдын ушул мезгилинде 7 кырсык катталып, 26га көп болгон.

Кырсыктан каза болгон адамдардын саны быйыл 24тү түзсө, өткөн жылы катталган эмес.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 1258 өрт кырсыгы, 280 сел катталды. Селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларынын алкагында коопсуз жерлерге жалпы 149 адам эвакуацияланып, 775 техника, 4114 адам тартылган жана 1874 турак үй, короолор, 67 социалдык объект, 34 чакырым арык/каналдар, 96,5 чакырым жолдор сел калдыктарынан тазаланган.

Жыйында маалымдалгандай, быйылкы жылы өрт-куткаруу бөлүктөрүн заманбап техника, жабдыктар менен камсыздоого, күжүрмөн даярдыкка келтирүүгө жана тактикалык машыгууларга өтө чоң көңүл бурулуп, куткаруучулардын тажрыйбасы кыйла бекемделди. Натыйжада 6 ай ичинде ар кандай өзгөчө кырдаалдардан 197 адам куткарылган.

Бүгүнкү күндө республиканын аймагында табигый кооптуу тилкелерди аныктоо боюнча 1322 мониторинг жана изилдөө иштери жүргүзүлдү. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында коргоочу иш-чаралардын аткарылышы менен 2026-жылдын 6 айында 5801 метр дамба, 131 метр темир бетон тосмолор курулуп, 1651 турак жай, 875 га айыл чарба аянттары корголду.