Ош шаары менен АКШнын кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 8-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
Мэриядан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар Ош шаары менен АКШнын ар кандай тармактардагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Айрыкча билим берүү, саламаттык сактоо, жаштар демилгелерин колдоо жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жаатында пикир алмашышты.
Мэр Жеңишбек Токторбаев шаардагы социалдык-экономикалык абал тууралуу айтып, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Элчи Лесли Вигери жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.
