Ошто 29 жаштагы адам бычакталып каза болду: шектүү кармалды
2026-жылдын 17-июль күнү саат 03:00дө Ош шаарында 29 жаштагы эркек киши миздүү нерседен денесинен жараат алып, окуя болгон жерден каза болуп калгандыгы боюнча маалымат милицияга келип түшкөн.
Аталган маалымат Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы тарабынан каттоого алынып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүлгөн.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө пикир келишпестиктен улам Ош шаарынын 1997-ж.т. М.Ф. аттуу тургуну 29 жаштагы эркек кишиге миздүү нерсе сайып, окуя болгон жерден ак түстөгү жеңил автоунаа менен качып кеткендиги такталган.
Бул учурда “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында Ош шаарынын аймагына орнотулган видеобайкоо камералары аркылуу кылмышка шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо үчүн көзөмөл жүргүзүлүп турган. Натыйжада саат 04:10 чамасында Ош шаарынын тургуну 1997-ж.т. М.Ф. качып бара жаткан автоунаасы менен милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Окуяга байланыштуу тиешелүү экспертизалар даярдалып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
