Ат-Башы районунда алты чакырым жолго асфальт төшөлдү
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды – Калинин унаа жолунун 7-13-чакырым аралыгында жалпысынан 6 чакырым жолго асфальт басуу жумуштары аяктады.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ошондой эле аталган райондогу Чар – Ак-Муз унаа жолунда жалпы 7,8 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.
Бүгүнкү күнгө карата анын 5,1 чакырымына асфальт төшөлдү. Мындан сырткары, Ташрабат унаа жолунун 5 чакырымын асфальттоо каралган. Учурда жер жумуштары аяктап, асфальт басууга даярдык жүрүп жатат.
Аткарылган иштер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, транспорттук каттамдардын сапатын жакшыртуу максатында техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө.
Ат-Башы районунун калган жол тилкелеринде да жол куруу иштери планга ылайык аткарылып жатат. Жолдордун курулушу министрликтин көзөмөлүндө.
