Ош шаарында Горький көчөсү пайдаланууга берилди
Ош шаарындагы М. Горький көчөсү бүгүн, 8-сентябрда оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Аталган көчө толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, асфальт басылып, тротуар жана ирригациялык лотоктор курулду.
