Кытай 15-сентябрдан тарта Россиянын жарандары үчүн виза режимин расмий түрдө алып салды
8 сентябрь

Кытай 15-сентябрдан тарта Россиянын жарандары үчүн виза режимин расмий түрдө алып салды

Кытай Эл Республикасынын Россиядагы элчилигинин сайтында визасыз режимдин киргизилгени тууралуу билдирүү жарыяланды.

«2025-жылдын 15-сентябрында саат 00:00дөн тартып 2026-жылдын 14-сентябры саат 24:00гө чейин (Пекин убактысы боюнча) Кытай Эл Республикасына визасыз кирүү мүмкүнчүлүгү берилет. Бул укук Россия Федерациясынын кадимки паспортунун ээлерине таандык болуп, алар бизнес жүргүзүү, саякаттоо, туугандарын жана досторун көрүү, расмий визиттер менен баруу, ошондой эле өлкө аркылуу транзиттик каттоо максатында 30 күндөн ашпаган мөөнөткө Кытайга бара алышат», — деп айтылат билдирүүдө.