Чыңгыз Айдарбеков мандатынан баш тартууну чечти
Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу тууралуу арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу 16-апрелде БШКдан билдиришти.
Комиссиянын маалыматына ылайык, кайрылуу жакынкы жыйында каралат.
Буга чейин Айдарбеков депутат Куванычбек Конгантиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу өзүнө депутаттык мандат берүү өтүнүчү менен да БШКга кайрылган. Бирок бул маселе Ички иштер министрлигинен маалымкат күтүлгөндүктөн кийинкиге калтырылган.
15-апрелде Айдарбековго карата кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ага кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып тагылган. Тергөө анын Тышкы иштер министри болуп турган мезгилинде бюджеттик каражаттарды пайдаланууга байланыштуу мыйзам бузууларга, анын ичинде каражаттарды максатсыз сарптоого жана операцияларды мыйзам бузуу менен жол-жоболоштурууга тиешеси болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.
Бош калган депутаттык мандатка байланыштуу жагдай ачык бойдон калууда. Айдарбековдун арызы каралгандан кийин мандат тизмедеги кийинки талапкер – Мирлан Жээнчороевке берилиши мүмкүн.
Жээнчороев буга чейин Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Республика – Ата Журт» партиясынан депутат болгон, ал эми 2021-жылы парламенттик шайлоого «Альянс» саясий партиясынан катышкан.
Талапкердин арызы боюнча расмий чечим бардык материалдар каралгандан кийин кабыл алынат.
