Нарында гемодиализ борборунун курулушуна капсула салынды
Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда гемодиализ борборунун курулушуна капсула салынды. Иш-чарага президенттин облустагы өкүлү Нурбек Сатаров катышты.
Өкүл Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушуу учурунда райондо аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.
Ал өз сөзүндө эки балдар бакчасынын, чакан ГЭСтин, спорт комплекстин, мектептин курулушу тууралуу, ошондой эле жаңы парк пайдаланууга берилгени жана башка объектилердин курулушу тууралуу маалымат берди.
