“Тазалыктын" кызматкерлери 7 млн сомдук күйүүчү-майлоочу майларды ысырап кылган деп айыпталган
8 октябрь

“Тазалыктын" кызматкерлери 7 млн сомдук күйүүчү-майлоочу майларды ысырап кылган деп айыпталган

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ишкананын айрым кызматчыларына 134,2 тонна жалпы суммасы 7 млн 179 миң 498 сомдук күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз түрдө берүү менен бюджеттик каражатты коротуп жиберген фактысы аныкталган.

Такталгандай, “Тазалык” МИнин жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы туруп, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуп, 2022-2024-жылдарда мыйзамсыз буйруктарды чыгарып, ишкананын айрым кызматчылары менен жеке автоунааларын кызматтык максатта пайдалануу жөнүндө формалдуу келишимдерди түзүп алышып, күйүүчү-майлоочу майларды өздөрүнүн жана башка кызматчылардын жеке кызыкчылыктарына колдонуп келишкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.