Төө-Ашууда жол эки тараптуу ачылды
6 июль

Төө-Ашууда жол эки тараптуу ачылды

Төө-Ашууда жол эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу 6-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынын жетекчиси Нурсултан Муратбеков билдирди.

Буга чейин Бишкек – Ош унаа жолунун бир тилкесинде таш көчкү түшүп, анын кесепетинен унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилген.

Нурсултан Муратбековдун айтымында, учурда окуя болгон жерде жолду тазалоо иштери уланууда. Ошол эле учурда унаалардын өтүүсүнө уруксат берилди.

«Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат жана жол ачык. Бирок айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, этият болууга жана мүмкүн болсо ашуу аркылуу жүрүүдөн убактылуу карманууга чакырабыз. Анткени кайрадан таш көчкү түшүү коркунучу сакталып турат», — деди ал.

ЖКККББ айдоочуларды жолдогу кырдаалды эске алууга, ылдамдык режимин сактоого жана тоолуу тилкелерде өзгөчө сак болууга чакырат.