Токмокто жол кырсыгынан 10 айлык бөбөк чарчап калды. Шектүү кармалды
Токмок шаарында 10 айлык бөбөктүн өмүрүн алган кырсык катталды, деп билдирет Чүй облустук милициясынын басма сз кызматы.
Маалыматка ылайык, окуя 7-сентябрда болжол менен саат 23:30да катталган.
Жерине Токмок ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзгөн.
Маалым болгондой, Ф.Т. аттуу жаран мотоцикл менен Ленин көчөсү аркылуу чыгыштан батышты көздөй бара жатып жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 10 айлык наристе жеринде чарчап калган. Наристенин 21 жаштагы энеси алган жаракатынан улам шаардык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 2002-жылы туулган Ф.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда, жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынат.
