Сүзмө тор менен мыйзамсыз балык уулоо: кармалгандарга кылмыш жоопкерчилиги кооптуу
8 сентябрь

Сүзмө тор менен мыйзамсыз балык уулоо: кармалгандарга кылмыш жоопкерчилиги кооптуу

2025-жылдын 6-сентябрь күнү саат 20:10 чамасында Тоң районунун Кызыл-Туу айылында мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды.

Тоң РИИБдин кызматкерлери тарабынан браконьерлерге каршы жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Ысык-Көлгө куюучу агын суулардын биринде 3 метрлик сүзмө тор аркылуу мыйзамсыз балык уулоо аракетин жасап жаткан эки жаран кармалган. Алар Кызыл-Туу айылынын тургундары — 2002-жылы туулган Б.Б. жана А.Н. болуп чыккан.

Жеринде жүргүзүлгөн кароо учурунда 4 даана форель балыгы табылып, алар далил зат катары алынган. Адистердин эсептөөлөрүнө ылайык, аталган мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 16 160 (он алты миң бир жүз алтымыш) сомдук материалдык зыян келтирилгени аныкталды.

Факт Тоң РИИБ КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси негизинде кылмыш иши козголду.

Кармалган жарандар Тоң РИИБдин Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-97 беренелеринин негизинде убактылуу кармоочу жайына камалды, тергөө амалдары уланууда.