Чүй ОИИББси милиция кызматкери тарабынан жасалган үй-бүлөлүк зомбулук боюнча тергөө баштады
Чүй ОИИББсы, М.А. аттуу жаран тарабынан Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жарыяланган маалымат боюнча төмөнкүлөрдү билдирет:
2026-жылдын 13-апрелинде Токмок ШИИБине жаран Т.Н. арыз менен кайрылып, күйөөсү — милиция кызматкери А.Н. тарабынан ага карата системалуу түрдө үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлүп жатканын билдирген. Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, объективдүүлүктү камсыз кылуу максатында материал андан ары кароо жана процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн башка ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, буга чейин да ушуга окшош кайрылуулар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талаптарына ылайык каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынган.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 20-февралында Токмок шаарынын ИИБине жаран А.Н. тарабынан баланы багуу боюнча милдеттенмелерди аткаруудан баш тартуу фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Аталган жаран ИИБ кызматкери болуп эсептелип, 2025-жылдын май айынан бери алимент төлөбөй, баланы тарбиялоого катышпай келгендиги аныкталган.
2026-жылдын 21-мартында аталган факт боюнча соттун чечими менен каралган төлөмдөрдү которуу үчүн зарыл болгон реквизиттердин жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Учурда кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн материал ыйгарым укуктуу органда каралууда.
