Ош шаарында жаштар форуму өттү
Ош мэриясы
16 апрель

Ош шаарында жаштар форуму өттү

Ош мамлекеттик университетинде 15-апрелде Жаштар парламенти тарабынан уюштурулган «Жаштар – билим – эл аралык кызматташтык» форуму жана «Жогорку Кеңештин модели» иш-чарасы өткөрүлдү.

Форумга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, депутаттар, Жаштар парламентинин өкүлдөрү, студенттер жана жаш лидерлер катышты.

Иш-чаранын алкагында панелдик талкуулар, интерактивдүү сессиялар жана тренингдер уюштурулуп, катышуучулар заманбап билим алуу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана коомдук-саясий активдүүлүктү арттыруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле «Жогорку Кеңештин модели» форматында студенттер депутаттардын ролун аткарып, мыйзам долбоорлорун сунуштоо, талкуулоо жана кабыл алуу процесстерин уюштурушту. Бул аларга парламенттик ишмердүүлүктү практика жүзүндө өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, ОшМУ Жаштар парламенти менен Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын түштүк региондук өкүлчүлүгүнүн ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюлду.

Иш-чара жаштардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө, сынчыл ой жүгүртүүсүн калыптандырууга жана мамлекеттик башкаруу системасын түшүнүүгө багытталды.