Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрөт
8 сентябрь

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрөт

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. 

Синоптиктердин маалыматына караганда, 8-сентябрда күндүн экинчи жарымында жана 9-10-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Буга байланыштуу калкты этият болууга чакырышты.