28 декабрь

Кыргызстандык спортчу үчүн микропроцессордук тизе модулу менен жамбаш протези жасалды

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесине (РПОБМ) Кытайдан келген протездик тармактын алдыңкы адистеринин делегациясы келди. Визиттин алкагында жогорку технологиялык протезге ээ боло турган татыктуу пациент тандалып алынды.

Тандоо спортчуга түшүп, ага заманбап микропроцессордук тизе модулу менен жабдылган сан протезин даярдап беришти. Бул инновациялык модуль пациенттин өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташып, анын жашоо сапатын бир топ жакшыртып, жогорку функционалдуулукту камсыз кылат. Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында РУПОИнин адистери үчүн окуу семинары өткөрүлдү.

Кытайлык эксперттер протезди даярдоо, тууралоо жана оптималдаштыруу процессин деталдуу түрдө көрсөтүп, өздөрүнүн алдыңкы технологиялары жана тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Бул окуя аймактагы протездик тармактын өнүгүүсү үчүн маанилүү кадам болуп, адистердин квалификациясын жогорулатууга жана протездөөдө жаңы стандарттарды киргизүүгө өбөлгө түздү.