89 жаштагы Валентина Терешкова кайрадан депутат болууну чечти
Дүйнөдөгү алгачкы аял-космонавт, Россиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Валентина Терешкова РФ парламентинин төмөнкү палатасына кайрадан шайлоого катышууну көздөп жатат. Учурда ал 89 жашта.
Единая Россия партиясынын аймактык бөлүмү билдиргендей, Терешкова Мамлекеттик думанын IX чакырылышына Ярославль облусунан депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлдү.
Терешкова өзү туулуп-өскөн аймагы менен дайыма байланышта экенин белгилеп, шайланып калган учурда ишин улантууну ниет кылып жатканын айтты.
«Кайсы жерде болбоюн, мен ар дайым өзүмдүн кичи мекенимди – Ярославлды эстеп жүрөм. Менин жүрөгүм ушул жерде. Өткөн жылдар аралыгында жердештерим менен бирге аймак үчүн көп иштерди жасай алдык. Эгер мага кайрадан ишеним көрсөтүлсө, мындан да көбүрөөк эмгектенем», – деди ал.
Терешкова 2011-жылдан бери Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын депутаты болуп саналат. Ал депутаттык этика боюнча комиссияны жетектеп, эл аралык иштер боюнча комитеттин курамына кирет.
2020-жылы ал Россиянын Конституциясына өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, президенттик мөөнөттөрдү «нөлдөө» мүмкүнчүлүгүн түзгөн. Бул өзгөртүү учурдагы президентке кайрадан шайлоого катышууга шарт түзгөн.
