
Бишкектин борбордук аянтындагы желек айрылган деген маалымат жалган - мэрия
Социалдык тармактарда борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги айрылганы тууралуу маалымат кызуу тараган.
Окуя болгон жерге мэрдин орун басары Рамиз Алиев жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору барып, КР мамлекеттик желеги бүтүн экени аныкталган.
Муниципалитет ЖМКларда жана социалдык тармактарда текшерилбеген маалыматтарды таратуу учурлары көбөйүп жатканын белгилейт.