Бишкектин айрым бөлүгүндө 4-июнда убактылуу суу өчүрүлөт
www
1 июнь

Бишкектин айрым бөлүгүндө 4-июнда убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым бөлүгүндө 4-июнда саат 09:00дөн 00:00гө чейин убактылуу суу өчүрүлөт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Өчүрүү аймагы: Ала-Арча суусу — Байтик баатыр көчөсүнөн — Түштүк Чоң Чүй каналына (ТЧЧК) чейинки аймак; Ала- Арча 3 конушунда.

Суу берүүнү токтотуу МИКтин катлованындагы  суу агууну аныктоо боюнча авриялык-издөө иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу.

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, шаар тургундарын алдын ала  ичүүчү сууну камдап алууну суранат.