Улуттук педагогикалык форумда мугалимдер үчүн «Ден соолук аймагы» уюштурулду
21 август

Улуттук педагогикалык форумда мугалимдер үчүн «Ден соолук аймагы» уюштурулду

Бүгүн, 21-августта, Улуттук балдар жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» борборунда «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аттуу Улуттук педагогикалык форум өтүүдө.

Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги катышуучулар үчүн «Ден соолук аймагын» уюштурду. Анда адистер жүрөк-кан тамыр жана башка жугуштуу эмес оорулардын коркунуч факторлорун эрте аныктоого багытталган профилактикалык скрининг жүргүзүштү.

Катышуучулардын кан басымы, кандагы канттын жана холестериндин деңгээли, бою жана салмагы өлчөнүп, дене салмагынын индекси эсептелди. Ошондой эле адистер жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана ден соолуктун абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгү боюнча кеңештерди беришти.

«Ден соолук аймагында» Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борборунун жана Улуттук кардиология жана терапия борборунун адистери иш алып барышты.

Форумдун ачылышынын алкагында саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов «Ден соолук аймагынын» иши менен таанышып, өзү да профилактикалык скринингден өттү.

Мындай иш-чараларды ири билим берүү жана коомдук иш-чаралар өтүп жаткан аянтчаларда уюштуруу профилактикалык медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, коркунуч факторлорун өз убагында аныктоого жана жарандардын өз ден соолугуна кам көрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу маалымдуулугун арттырууга мүмкүндүк берет.

Профилактика балдар жана жаштар менен күн сайын иштеген, өзүнүн үлгүсү аркылуу аларда ден соолукка жана сергек жашоо образына жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырган педагогдор үчүн өзгөчө мааниге ээ.