Жайлоого барчу жол жабылган. Чаткалда куткаруучулар 36 жаранды коопсуз жайга өткөрдү
6 июль

Жайлоого барчу жол жабылган. Чаткалда куткаруучулар 36 жаранды коопсуз жайга өткөрдү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Чакмак-Суу айылынын Кара-Токой тилкесинде жайгашкан Кара-Токой суусундагы көпүрөнүн сол тарабындагы түркүгүн суунун деңгээлинин көтөрүлүшү алып кетип, жайлоого баруучу жол убактылуу жабылган.

Окуя болгон жерге Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 3 куткаруучусу ыкчам нөөмөттүк унаа менен тартылып, ошондой эле 1 жүктөгүч техника ишке киргизилген. Кеч киргендигине байланыштуу көпүрөнү калыбына келтирүү иштери 2026-жылдын 4-июлунда улантылган.

Жүргүзүлгөн куткаруу иштеринин жүрүшүндө куткаруучулар тарабынан асма көпүрө аркылуу жалпы 36 жаран коопсуз аймакка өткөрүлүп, өз багыттары боюнча жөнөп кетишти.

Алардын ичинен 7си Россиянын, 1и Казакстандын жана 28зи Кыргызстандын жараны болгон.

Ал эми Кыргыз Республикасынын 2 жараны өз унаасы менен суунун деңгээлинин төмөндөшүн күтүп жатышат.

Кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.