Салык кызматы 1,4 млн сомдук товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт койду
видеодон алынган кадр
29 июль

Салык кызматы 1,4 млн сомдук товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт койду

Мамлекеттик салык кызматы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө өлкөнүн аймагына товарларды мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныктады.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген жана үй буюмдарын ташып бара жаткан жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда тиешелүү коштомо документтери жок алып келинген эл керектөөчү товарлар табылган.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы 1 млн 400 миң сомдон ашат.

Учурда бул факты боюнча мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктарды өндүрүп алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Салык кызматы товарларды мыйзамсыз алып кирүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу, бюджетке салыктык түшүүлөрдүн толуктугун камсыз кылуу, ошондой эле тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ак ниет катышуучулары үчүн бирдей шарттарды түзүү багытындагы иштерин улантууда.