Нарын шаарында мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору курулат
Нарын шаарынын Шаарча чөлкөмүнө 3 кабаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү борбору курулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Имарат үчүн 47 сотых жер каралган, ал “Нарын кыймылсыз мүлк боюнча компаниясы” ЖЧКсынын аткаруусунда салынат.
"Калкка тейлөө көрсөтүү мекемелерине заманбап шарт түзүү максатындагы имарат Шаарча аймагына Тянь-Шань сити турак жай комплексин куруп жаткан кытай инвесторлору тарабынан куруп берилет", - деп айтылат билдирүүдө.
Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу аталган имаратты куруу иштеринде айланасына керектүү инфраструктураны кошо эске алуу менен жер аянтын туура пландоо боюнча тийиштүү иштерди алып барууну тапшырды.
