Фонд «Эл-Ди-Эс Черитиз» фонду Биринчи май районундагы карыларды куттуктады
Биринчи май райондук администрациясынын жыйындар залында Карылар күнүнө арналган майрамдык жолугушуу болуп өттү. Иш чарага “Эл-Ди-Эс Черитиз” фондунун өкүлдөрү Роман жана Елена Набатниковдор, Алия Гомерсалл катышты.
Райондук улгайган тургундарына сый-урмат жана ыраазычылык билдирүү максатында аларга жылуу жууркандар тапшырылды.
“Биз жакшылык жөнөкөй нерселерден – көңүл буруудан, камкордуктан жана жылуулуктан башталаарын билебиз. Бүгүн биз райондун улгайган тургундарына бир аз болсо да жылуулук тартуулагыбыз келди”, - деп белгилешти фонддун өкүлдөрү.
Райондук администрациянын башчысынын орун басары Чынара Жаныкеева катышуучулар менен учурашып, жаштарды тарбиялоодогу, өлкөнүн өнүгүшүндөгү жана каада-салттардын сакталышындагы улуу муундун өзгөчө салымын белгиледи.
“Эл-Ди-Эс Черитиз” фонду жардам берүү жана жакшылык жасоо миссиясын улантып, калктын аялуу катмарын колдоого багытталган социалдык долбоорлорду үзгүлтүксүз ишке ашырууда.
