Ош шаарында карылар күнү белгиленди
Ош шаарынын мэриясынын “Боорукердик” социалдык мекемесинде бүгүн, 1-октябрда Эл аралык карылар күнүнө карата иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев карыяларды куттуктады.
Салтанат Аманова Жеңишбек Токтобаевдин куттуктоосун жеткирип, мэриянын атынан акчалай белек жана интерактивдүү доска тапшырды.
Ошондой эле карыларга майрамдык дастаркон жасалып, концерттик прграмма тартууланды.
Эскерте кетсек, Ош шаарынын мэриясынын “Боорукердик” үйүндө 30 улгайган адам жашайт.
Ош шаарында "Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук" аттуу бир айлык уюштурулуп, анын алкагында социалдык колдоого муктаж улгайган жарандарга жана карыларга жардам берилип жатат.
