Казакстан менен Өзбекстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт
8 сентябрь

Казакстан менен Өзбекстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Өзбекстан менен биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү боюнча токтомго кол койду.

Документ аскер бөлүктөрүнүн чек арадан өтүү тартибин, техниканы колдонууну, медициналык жардам көрсөтүүнү жөнгө салат.

Компетенттүү органдар эки өлкөнүн коргоо министрликтери болуп саналат. Келишим автоматтык түрдө узартуу мүмкүнчүлүгү менен беш жылдык мөөнөткө түзүлөт.