Чүйдөгү Кант – АБЗ жолуна асфальт төшөлүүдө
8 сентябрь

Чүйдөгү Кант – АБЗ жолуна асфальт төшөлүүдө

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Кант – АБЗ жолунун 3 чакырымына асфальт басуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган тилкенин 1,5 чакырымына бир тараптуу асфальт басылды. Калган бөлүгүндө иштер белгиленген графикке ылайык уланууда.

Жумуштар №43 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.