ИИМ: Автоунаага байланышкан документтердин жасалмасын жасоо фактысы аныкталды
Тактап айтканда, 2022-жылдын декабрь айларында аталган З.Б. аттуу жаран Литва Республикасынын аймагында Литванын жаранынын көк түстөгү 2004-жылы чыгарылган “Хонда Джаз” үлгүсүндөгү автоунаасын сатып алган. Бирок автоунааны мыйзамдуу бажы тариздөөдөн өткөрбөстөн аны тетиктерге бөлүштүрүп, кыймылдаткычын чыгарып, Европа мамлекеттеринен Кыргыз Республикасынын аймагына оор жүк ташуучу автоунаа менен алып келдирип, аталган автоунааны тетик түрүндө бажы тариздөөдөн өткөрүп, бажы төлөмдөрүн төлөгөн.
Айта кетчү нерсе аталган автоунаанын автоунаа түрүндөгү бажы төлөмдөрүн төлөгөн эмес. Кайрадан бүтүн автоунаа катарында колдонуу максатында, ал тетиктерин кайрадан чогулткан.
Аталган автоунааны Казакстан Республикасынын аймагында каттоодон тургузуп, кайрадан сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде сатылып алынгандыгы тууралуу жалган келишимдерди түзгөн. Жасалма документтерин колдонуу жолу менен Кыргыз Республикасынын “Унаа” мамалекеттик мекемесине айдап барып, жасалма документтердин негизинде каттоого койуп, мамлекеттик номур алып, техникалык каражаттын күбөлүгүн алган. Анын натыйжасында, мамлекетке жалпысынан 441 000 сомдон ашык зыян келтирген жана автоунааны үчүнчү адамдарга сатып жиберген.