2023-24-жылдары 236 миңге жакын жумушсуз ишке орношту
14 сентябрь

2023-24-жылдары 236 миңге жакын жумушсуз ишке орношту

Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин докладын коргоо учурунда социалдык, экономикалык, маданий жана укук коргоо блоктору боюнча маселелер каралды. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2023-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде Кыргызстан катышуучу болуп саналган эл аралык милдеттенмелерди, Конвенцияларды жана келишимдердин катышуучусун ишке ашыруу боюнча тиешелүү жоопторду берди.

«Кыргызстанда 2023-2024-жылдары мыйзамдарды жана укук коргоо ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча иш-чаралар иштелип чыгып, ишке ашырылган, анын ичинде 356 мыйзам инвентаризацияланып, 2858 токтом жана жарлык жокко чыгарылган. Жаңы мыйзам чыгаруу демилгелеринин 85% аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого багытталган.

Эмгек рыногунун маалыматтык системасын жана башка чараларды киргизүүнүн натыйжасында жумушсуздуктун деңгээли 4,9% га чейин төмөндөдү, 236 миңге жакын жумушсуз ишке орношту, ал эми кесиптик даярдык 58 миң адамды камтыды.

«Аялдардын ишкердигин колдоо программасынын алкагында 1600дөн ашык аял талап кылынган кесиптерге окутулуп, төрт заманбап окуу-өндүрүштүк комплекстер түзүлдү», – деди ал.

Кыял Жанузакова өз сөзүндө республиканын коррупция менен күрөшүүгө умтулуусун белгиледи.

«2023-2024-жылдары коррупциялык иштер боюнча сотко чейинки 55 өндүрүш катталып, мамлекет пайдасына 5,4 млрд сом өлчөмүндө зыян өндүрүлгөн. Бул биздин коррупциялык кылмыштуулукка каршы чечкиндүүлүгүбүздү көрсөтүп турат», – деди ал.