Бишкекте кардан тазалоо иштери уланууда
“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалап, туз себүү иштерин улантууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, карды тазалоого «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 45 даана КДМ (комбинацияланган автотранспорт), 3 даана ХОВО, 2 даана алдыңкы жүктөгүч жана 22 даана “Беларус” үлгүсүндөгү щетка, күрөктүү тракторлор жолдорду тазалоодо.
Акыркы эки күндүн ичинде 572 тонна техникалык туз пайдаланылды.
