Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен жаш баланы издөө иштери уланууда 
11 ноябрь

Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен жаш баланы издөө иштери уланууда 

Ош шаарынын Жаңы-Маала айылында Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 5 жаштагы баланы издөө иши уланууда. 

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн, 11-ноябрда издөө иштерине жалпы 71 адам тартылды.

Куткаруучулар Ак-Буура дарыясынын терең болгон жерлерин карап берүүгө чыкты.

Белгилей кетсек, 2019-жылы туулган С.И. аттуу жаш бала 9-ноябрда Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып дарыяга түшүп кеткени тууралуу жана издөө ишине көмөктөшүү боюнча кат Ош шаардык ШИИБи тарабынан 9-ноябрь күнү ӨКМге түшкөн.